Кочкордогу кырсыктан жабыркагандардын арасында өспүрүм балдар бар

25-Окт. 2017, Шаршемби, 17:39

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан жабыркагандардын арасында өспүрүм балдарда бар. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүм башчысынын орун басары Тилек Оторов «Zaman.kg» маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 24-октябрь күнү болжол менен саат 16:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 182 чакырымында жүк ташуучу унаа менен жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталган.

“Бишкек шаарынын 62 жаштагы М.Т. аттуу тургуну "Мерседес-Крайслер" жүк ташуучу унаасы менен келе жатып, Кочкор районунун Кара-Суу айылына бурулган жерде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын 71 жаштагы С.Б аттуу тургуну башкарып келе жаткан "Ауди-С4" унаасы менен кагылышкан. Анын кесепетинен Ауди унаасында жүргүнчү болуп бара жаткан Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 33 жаштагы К.А. аттуу тургуну, Тамга айылынын 57 жаштагы А.К аттуу тургуну жана 33 жаштагы К.Анын 11 жашар уулу жана 4-жашар кызы жабыркаган. Алар Кочкор районунун аймактык ооруканасына кайрылган”, -дейт Оторов.

“Ошондой эле жол кырсык боюнча чогултулган баардык иш кагаздар Кочкор РИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүүдө”,- деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!