​Кар көчкүдөн кантип сактануу керек?

22-02-2017

“Өлкө аймагында жер көчкү жүрүү коркунучу бар”,- деп аталган макаламда “Быйылкы кышта нормадан ашыкча жааган жаан-чачын, кардын кесепетинен республиканын аймактарындагы эски жер көчкүлөрдүн активдешүүсү жана жаңы жер көчкүлөрдүн пайда болуусу, дарыялардагы суулардын деңгээлдеринин көтөрүлүүсү, сел агымдарынын келүүсү быйыл эрте байкалууда”,-деп жазган элем. Эми бул жолку макаламда кар көчкү (Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт) тууралуу сөз кылууну чечтим. Анткени, жаздын келиши менен Кыргызстандын аймагында кар көчкүлөрдүн түшүүсү күтүлөт эмеспи. Айрыкча өлкө ичиндеги негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу көп сакталат. Мындан улам кар көчкү коопсуздугун алдын алуу боюнча эмнелерди билүү керек.? Ошондой эле көчкү түшүп жатканда же түшкөндөн кийин эмне кылуу керектиги боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматынын негизинде эрежелерди замандаштарыбызга сунуштоону туура көрдүм.

Жогоруда айтып өткөндөй эле расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын аймагындагы негизги делген Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт, Каракол-Энилчек, Ош-Сары-Таш-Эркештам, Казарман-Нарын унаа жолдорунда кар көчкү көп түшөт.


Көчкү коопсуздугу учурунда билүү зарыл:

- Бир жакка чыгаарда аба-ырайы жөнүндө маалыматты, унаа жолдорунун ахыбалын, кар көчкү түшүү коркунучун жалпы маалымат билдирмелеринен же ӨКМнин ыкчам күзөтчүсүнөн билүү;

- Тоолуу аймактарда же кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жол бөлүктөрүндө жол кызматчылары белгилеген унаа арасындагы аралыкты бекем сактоо керек;

- Кар көчкү коркунучу бар жерлерде коюлган эскертүү белгилерине бекем көңүл бөлүү керек, зарыл болсо, эртең менен эрте өтүп кетүү зарыл;

- Жол кызматчылары тарабынан коюлган : “Чектелген жүрүү”, “Унаа жолунун бекилүүсү” белгилерине, жалпы маалымат билдирмелери аркылуу ӨКМдин жана ИИМнин жолдогу-кыймылы кызматчыларынын эскертмелерин бекем аткаруу шарт;

- Эсиңерде болсун! Кар көчкү түшүү коркунучунун узактыгы-октябрдан тартып апрель айларына чейин эсептелет, көпчүлүк кар көчкү түшүү февраль-март айларында болот.


Көчкүдө өзүн алып жүрүү эрежелери:

- Эгер көчкү өтө бийик жерден түшүп келе жатса, унааңыз менен тез өтүп кетип, алдыдагы келе жаткан унааларды токтотуңуз, эгер жөө болсоңуз, тез чуркап коопсуз жерге барыңыз же жар астына бекинип тура калыңыз (жаш бактардын артына бекинип турбаңыз);

- Эгер көчкүдөн кете албасаңыз, жүгүңүздөн бошонуп, тизеңизди ичиңизге бүгүп, денеңизди көчкү келе жаткан жакка ыңгайлаштырып жата калыңыз;

- Оозуңузду жана мурдуңузду моюн орогучуңуз, жакаңыз менен жаап, көчкүдө колуңузду сүзүп жаткандай кармаңыз, көчкүнүн үстүндө карманууга, ылдамдыгы азыраак жээгине чыгууга аракет кылыңыз;

- Көчкү токтогон кезде, дем алууга мүмкүн болууга бет жана көкүрөк тушуңуз менен калууга аракет кылыңыз;

- Эгер мүмкүн болсо, өйдө чыгууга аракет кылыңыз (оозуңуздан чыккан шилекейдин кайсыл жакка акканы боюнча өйдө жакты билсеңиз болот);

- Көчкүнүн алдында калсаңыз, күчүңүздү сактап өзүңүзү кармап, уктабаганга аракет кылыңыз.

Көчкү түшкөндөн кийин эмне кылуу керек:

- Сизге көчкү түшкөндөн кийин эсиңизди жоготосуз. Өзүңүзгө келе баштаганда, бир колуңузду бошотуп, дем алуу үчүн, мурун тушуңузга алып келүүгө аракет кылыңыз;

- Андан кийин экинчи колуңузду да бет тушуңузга жакындатып, оюк жасоого аракет кылыңыз;

- Өйдө же ылдый экенин билиш үчүн түкүрүк чыгарыңыз. Эгер түкүрүгүңүз өзүңүзгө түшсө, Сиз башыңыз менен төмөн жатасыз. Эгер түкүрүгүңүз эриниңизде калса, Сиз туура, башыңыз менен өйдө жатасыз;

- Өзүңүздүн кандай жатканыңызды билгенден кийин, колуңузду өйдө сунууга аракет кылыңыз. Эгер колуңуз сыртка чыкпаса, аба кириш үчүн, карды оюуга аракет кылуу керек;

- Эгер сиз төмөн карап жатып калган болсоңуз, которулуу үчүн өзүңүздүн тегерегиңизди оюп ачууга аракет кылуу зарыл;

- Өтө терең дем алууга, дүрбөлөңгө түшүүгө, тез кыймылдоого болбойт, себеби жүрөк тез согуп, көп кычкылтек талап кылат;

- Эгер сиз кичине оюк тешип алсаңыз, бирок чыга албасаңыз, кыйкырып куткаруучулардын көңүлүн өзүңүзгө бурсаңыз болот. Сизди сөзсүз табышат;

- Эгер сиз коопсуз жерде болуп калсаңыз, аймак башкармалыгына көчкү жөнүндө билдирме жасаңыз жана жабыркагандарга жардамдашыныз.

Эскерте кетсек, 20-февралда Ат-Башы районунун Кара-Коюң айыл аймагына караштуу Таттыбек кыштоосунда кой кайтарып жүргөн 18 жаштагы жигитти кар көчкү басып калып, каза болду. Андан бир күн мурдараак эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында түшкөн кар көчкү 2 турак үйдү басып калган. Көчкү астында калган бир үй-бүлөдөгү 6 адамды жергиликтүү тургундар аман-эсен куткарышып, аймактык ооруканага жеткиришкен. Ал эми экинчи үйдө 6 адам болгон, алардын төртөө куткарылып, аймактык ооруканага жөнөтүлүп, экөөнүн өмүрүн сактай албай калышкан. Андан сырткары ошол эле күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Кожокелен айылында кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган аял каза тапкан.

Мындай кырсыктарды алдын алуу үчүн өлкөдөгү кооптуу делген аймактардагы кар көчкүлөрдү артиллериялык курал менен атып түшүрүү иши колго алынууда. Мисалы, 20-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, министрликтин ыкчам тобу Бишкек-Ош унаа жана Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы кар көчкүнү атайлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Шаххан Мырзабеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!