Балдарга жөлөк пул кандай тартипте берилет?

6-Дек. 2017, Шаршемби, 14:22

Кыргызстанда 2018-жылдын биринчи күнүнөн тарта мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирет. Жаңы мыйзамга ылайык, жөлөк пулдар буга чейин салттуу берилип келген жөлөк пулдардан айырмаланып, кандай артыкчылыктарга ээ? 2018-жылдан тарта жөлөк пулдар кандай тартипте бериле турганын “zaman.kg” маалымат агенттиги Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин берген маалыматына ылайык тизмектеди.

Мыйзам боюнча жөлөк пулдун үч түрү каралган. Алар: “балага сүйүнчү”, “балага жөлөк” жана “үй-бүлөгө көмөк”.

“Балага сүйүнчү”

Бала төрөлгөндө бир жолу сүйүнчү катары берилет. Акча каражаты 2018-жылдын 1-январынан тарта төрөлгөн балдарга бериле баштайт. Өлчөмү 4 миң сом. Ошондой эле ата-энелер баласы бир жашка чыкканга чейин кайрылган убакта гана сүйүнчү пул ала алышат.

“Балага жөлөк”

Үч жашка чейинки балага ай сайын бериле турган акча. Жөлөк пул 3 жашка чейинки балдардын баарына берилет. Өлчөмү 700 сом.

Жогоруда аталган биринчи жана экинчи жөлөк пул жаш балдардын өнүгүшүн жакшыртууга багытталган. Мамлекет энеге (же атага) баланы кароо үчүн эмгек өргүу алууга мүмкүнчүлүк берет. Муну менен мамлекет үй-бүлө мүчөлөрүнүн жынысына карабай үйдө балдарды тарбиялоого жумшаган эмгегине кенемте төлөө милдетин өзүнө алат.

Эгер мамлекеттик жөлөк пул тууралуу мыйзам күчүнө кирген мезгилде үй-бүлөдө 1,5 жаштагы бала бар болсо, анда алар балага жөлөк пул алууга укуктуу. Жөлөк пулдун бул түрү бала үч жашка чыкканга чейин ай сайын төлөнүп турат.

“Үй-бүлөгө көмөк”

Жөлөк пулдун бул түрү 3 жаштан 16 жашка чейинки 3 же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилет. Жөлөк пулдун бул түрү үй-бүлөнүн кирешесине карап эмес, андагы балдардын санына жараша берилет. Өлчөмү 500 сом.

Жөлөк пул алуу үчүн кандай документ керектелет?

Ата-энелер жөлөк пул алуу үчүн баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жана жашаган жери тууралуу маалымдама тапшырышы керек. Алар жашаган жери боюнча шаардык, жергиликтүү социлдык өнүгүү башкармалыгына кайрыла алышат.

Асырап алган балдар да сүйүнчү пул алганга укуктуу

Сүйүнчү пул жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга, анын ичинде асырап алынган наристелер да алууга укуктуу. Асырап алынган балага сүйүнчү пул алуу үчүн өзүнүн балдарына керектүү болгон документтер сыяктуу эле арыз ээсинин паспорту, баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү жана жашаган жеринен маалымдама алып баруу керек.

Үч эмдерге кандай шартта төлөнөт?

Жогоруда белгилегендей, жөлөк пул ар бир төрөлгөн ымыркайга берилет. Эгерде үй-бүлөдө үч эм төрөлсө, анда ар бир ымыркайга өз-өзүнчө берилет. Ата-энелик укуктан ажыратылгандарга да балага сүйүнчү берилет. Бирок бул учурда балага жөлөк пул төлөнбөйт. Эгер бала асырап алынса, анда жөлөк пул аны камкордукка алган ата-энеге төлөнүп берилет. Бирок ал балдар балдар үйүнө өткөрүлүп, толугу менен камлекеттин камсыздоосуна алынса, ага жөлөк пул төлөнбөйт.

Интернационал үй-бүлөлөргөчү?

Ошондой эле интернационалдык үй-бүлөлөр жөлөк пулду жалпы негизги шарттар менен алышат. Жөлөк пул алуу үчүн Кыргызстанда жашаган жана жарандык алган чет элдиктер дагы кайрыла алышат. Эгерде 3 жашка чейинки бала Кыргызстандын жараны болсо, анда сүйүнчү пул Кыргызстандын башка жарандарынын балдарына берилгендей эле берилет.

Эгерде...

Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү мыйзамдын 11-беренесине ылайык, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандар, тактап айтканда эмгек акысына кошумча төлөм (райондук коэффициент), ошондой эле башка социалдык төлөмдөрдү алгандарга мамлекеттик жөлөк пулдун өлчөмү ошол райондук коэффициенттер менен ченелет. 2018-жылдын 1-январына чейин көрсөтүлгөн үй-бүлөлөр жана физикалык жак белгиленген мөөнөттүн аягына чейин жөлөк пулду ала алышат. Ата-энелер мамлекеттик жөлөк пулга жылдын аягына чейин арыз берет. Ошондо гана алар жаңы эрежелер менен жөлөк пулга көрсөтүлөт.

Сүйүнчү пул тууралуу жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөк пул төлөөнү жокко чыгарбайт. Эгерде үй-бүлө балдар жөлөк пулунун критерийлерине туура келсе, анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары жаңы жөлөк пулду ала алышат.


Жаңы мыйзам долбоору кандай мүмкүнчүлүктөргө жол ачат?

Республикада жашаган балдардын абалын жакшыртууга;

Пенсия алган балдары жана улгайган жарандары бар үй-бүлөлөрдү бекемдөөгө;

Кедейликте жашаган балдардын мамлекеттик жөлөк пулдар менен камсыз болушун жогорулатууга;

Мындан ары сапаттуу жана аттандаш эмгек ресурстарын түзүү үчүн үй-бүлөлөрдун киреше деңгээлине карабастан балдардын эрте өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө;

Жөлөк пул дайындоодо жана төлөөдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган.

Белгилей кетсек, балдардын абалын жакшыртуу максатында Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова менен Аида Касымалиева демилгелеген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп, экс-президент Алмазбек Атамбаев август айынын башында ага кол койгон.

Мамлекеттик жөлөк пул үчүн жылына мамлекеттик казынадан 8 миллиард сом керектелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!