Кайсынысы көбүрөөк пайдалуу: кара чайбы же көк чайбы?

Кайсынысы көбүрөөк пайдалуу: кара чайбы же көк чайбы?
2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 10:41

Эл арасында: "Кара чай зыяндуу: тишти саргартат, беттин терисинин түсүн бузат, организмди алсыздандырат, анткени, андагы башка азыктардан алынган керектүү витаминдер менен минералдардын баары чай менен кошо сыртка чыгып кетет. Андыктан, аны көп ичпеш керек",-деген түшүнүк бар экенин баарыбыздын эле кулагыбыз чалып жүрсө керек. Чын эле ушундайбы? Анда окумуштуулардын изилдөөлөрүнө көз жүгүртүп көрөлү.

Бир күндө канча жолу ичүү керек?

Кара чайды өтө кызыл кылбай, бир күндө 4-5 чыныдан ашык ичпеңиз. Ошондо ал ден соолугуңуз үчүн абдан пайдалуу. Андан ашса зыян. Себеби, чайдын кайсы сорту болбосун (алтургай көк чайда да), курамында көп өлчөмдөгү кофеин болот. Кофеинди көп кабыл алуу бир канча ооруларды пайда кылат. А эгер өтө кызыл кылып ичмейинче тура албасаңыз, бир күндө 2-3 гана чыны ичүү зарыл.

Ал эми көк чай ичүүнү бир күндө 4 чыныдан ашырбаңыз. Өлчөмүнөн көп ичүү пайдалуулугун жок кылат. Ошондой эле ашказан, он эки эли ичегиде жарасы барларга, жүрөк оорусу менен ооругандарга көк чай ичүүгө тыюу салынат!

Туура демдөө

Көпкө туруп калган кара чайды ичүүгө болбойт. Аны ар бир чай ичээрдин алдында ичкенге жеткидей аз өлчөмдө демдеңиз. Себеби, жаңы демделген кара чай 20 мүнөттөн кийин организмди ууландыруучу азыкка айлана баштайт.

Тамак менен ичпеңиз

Изилдөөлөргө таянсак, чайды тамак менен аралаштырбай өзүнчө ичүү зарыл. Антпесе тамактын сиңиши оорлойт. Ичкен-жегениңиз бир канча саатка чейин ашказаныңыздын капталына жабышып, топтолуп тура берет. Андыктан, тамактанууга 15 мүнөт калганда же тамактанып бүткөн соң 30 мүнөттөн кийин чай ичсеңиз туура болот.

Булардан тышкары...

Кара чай менен көк чайды төмөнкү максатта да колдонууга болот:

Терини жылмакай кылып, бырышты жазат. 20 г ун, жумуртканын сарысы, күчтүү демделген көк чайды аралаштырып бетиңизге, моюнуңузга текши сүйкөйсүз. 20 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

Көздүн кызарганын таратат. Эгерде чарчоодон улам көздөрүңүз кызарып кетсе, кара чай жардамга келет. Ал үчүн 1 чай кашык кургак чайды 50 г кайнак сууга демдеп, 30 мүнөт тыныктырып коёсуз. Эми тундуруп, тунмасына марлини малып, аны кызарган көзгө 1-2 мүнөт басасыз. Андан кийин дагы бир жолу малып, кайталап басыңыз. Кааласаңыз марли колдонбостон, демделген кичинекей пакеттеги чайды деле көзүңүзгө бассаңыз болот.

Күнгө күйүүгө убактыңыз болбосо... Тилекке каршы, Көлгө барууга убактыңыз же шартыңыз болбой калды. Бирок денеңиздин күнгө күйүшүн каалап жатасыз дейли. Андай учурда кара чайды кайнак сууга 2-3 мүнөт кайнатып, муздаган соң аны менен бир канча күн эртең менен жана кечинде жуунуп турасыз.

Бырыштын алдын-алат. Кара чайды өтө кызыл кылбай демдеп, ага таза марлини салып суулаңыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт жабыңыз. Муну аптада 2 жолу кайталоо керек. Баш-аягы 10-20 процедура кылсаңыз, натыйжасы байкалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!