Акчаны пайдалана билүүнүн жети эрежеси

Акчаны пайдалана билүүнүн жети эрежеси
6-Апр. 2017, Бейшемби

Акчаны уруна билүү, ага туура мамиле кылуунун да өз жолдору бар. Балким биз сунуштаган төмөнкү эрежелер сиздин каражат жаатында ийгиликке жетишиңизге жардам берет.

1. Өзүңүздү баалаңыз!

Ар качан кирешени көбөйтүүнүн жолдорун издеңиз. Мындан да көп нерсе колуңуздан келээрине өзүңүздү ишендириңиз. Эгер учурдагы жумушуңуз каражат жагынан сизди канааттандырбай калса, жаңы жумушка өтүңүз же кошумча кирешенин булактарын издеңиз. "Мен эч качан үйгө, машинага акча таба албайм" деген ойлоруңузду мээңизден ыргытып салыңыз. Болгону алдыңызга максат коюңуз да, ал максатты ишке ашыруу үчүн кичинеден баштаңыз.

2. Куру убадаларга ишенип, өзүңүз түшүнбөгөн ишке акча салбаңыз

Сиздин акчаңыз бар экенин билип, кимдир-бирөө укмуштуудай пайызды убада кылышы мүмкүн. Мындай тоодой убада кылган сөздөргө ишенбеңиз. Иш баштаардан мурда ал бизнес тууралуу жакшылап маалымат чогултуп, өзүңүзгө кенен түшүнүк алыңыз. Болбосо ал канчалык кирешелүү бизнес болгонуна карабай андан пайда таба албайсыз.

3. Өз каражатыңызды көзөмөлдөөгө үйрөнүңүз

Көпчүлүк адамдар айдын аягында өздөрүнүн 30-50% кирешесинин кайда кеткенин өздөрү эстей албайт. Акчаны туура урунуунун негизги эрежелеринин бири - өз кирешеңизди жана чыгашаңызды көзөмөлдөй билүү. Башкача айтканда, бир ай ичинде боло турган чыгашаларыңызды кылдат тизмелеп алып, айдын аягында анализ жүргүзүңүз.

4. Айлыгыңыздын бир бөлүгүн сактап коюңуз

Бир айда тапкан акчаңыздын 10-20 пайызын банктан эсеп ачып, ошол жакка салып турсаңыз болот. Ал акчанын чөнтөгүңүздөн чыкканы билинбейт деле, анткен менен убакыт өткөн сайын эсебиңиздеги акчаңыздын үстүнө кошулгандан кошула берет. Ошондо "акча акчаны тартат" деген сөзгө ишенесиз. Ал акчаны иштетпегенге аракет кылыңыз, болбосо эч нерсеси жок каласыз.

5. Көз көргөндү ала бербеңиз

Учурда чындыгында кайсы буюм сизге зарыл болуп жатат, ошону гана алыңыз. Мода болуп жатканы үчүн же жеңилдиктер жүрүп жатканы үчүн эле көзүңүз көргөндү сатып ала берүү - акчаны туура пайдалануунун эрежесине жатпайт.

6. Карыз акча албаңыз

Карыз акча албоого аракет кылыңыз, өзгөчө ири суммада. Эсиңизде болсун, карыз жакшы жана жаман болуп бөлүнөт. Жаман карыз - бул күнүмдүк алган карыздар. Ал эми бизнести өнүктүрүүгө багытталган карыз сизге кошумча акча каражатын алып келет да, жакшы карыз болуп эсептелинет.

7. Идеалыңыздын артынан куубаңыз

Көптөгөн адамдар жарнамаларда көрсөткөн чоң үйлөргө, акыркы моделдеги машиналарга же кандайдыр бир бизнеске ээ болгулары келет. Ал эми мындай идеалдардын артынан такай кууган адамдар азыр эле бактылуу болуп кетишпейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!