Ак кийимдердеги тактарды кетирүү үчүн...

Ак кийимдердеги тактарды кетирүү үчүн...
25-Окт. 2017, Шаршемби, 11:27

Көпчүлүк учурда ак кийимдерде колтуктун тушунда сары так калат. Албетте бул тердин тагы экени белгилүү. Аны кол менен же кир жууган машина менен жусаңыз да кетпейт

Сары такты кетирүүнүн жолу бар. Сизге керек бир гана нерсе ал – аспирин (ацетилсалициловая кислота) болуп саналат. Эки таблетка аспиринди майдалап алыңыз. Идишке (анча чоң идишке эмес, чакан идишке салганыңыз туура, себеби жарым стакан сууну таппай калууңуз мүмкүн) майдаланган аспирин менен кир жуу айнасын салып, үстүнө жарым стакан жылуу суу куюңуз. Жакшылап аралаштырып, ак көйнөгүңүздүн так болгон жерин аспирин суусуна малып, жышып жууңуз.

Таза жуулуп бүткөндөн кийин ушул суюктуктун ичине көйнөктүн так болгон жерин 1-2 саатка салып коюңуз. Убакыт өткөндөн кийин көйнөктү кадимки кир жуу ыкмасы менен жууп алыңыз.

Натыйжасында тактар өзүнөн-өзү кете баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!