Алмазбек Атамбаев Казакстанга барат

Алмазбек Атамбаев Казакстанга барат
7-Июнь 2017, Шаршемби

Президент Алмазбек Атамбаев 8-10-июнь күндөрү жумушчу сапары менен Казакстанга барат.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы расмий визит алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги кеңешине катышат.

Мындан сырткары, Алмазбек Атамбаев өлкө лидерлери менен бирге Астана шаарында өтүүчү «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышмакчы.

Белгилей кетсек, 14-апрелде Бишкекте өткөн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынында Казакстандын президенти бардык кесиптештерин аталган иш-чарага катышууга чакырган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!