97 депутат жаңы өкмөт курамын жактырды

97 депутат жаңы өкмөт курамын жактырды
26-Авг. 2017, Ишемби

Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясына катышкан 102 депутаттын 97си Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөт курамын, программасын жактырды.

Жаңы өкмөт курамы адегенде КСДП фракциясында талкууланып, жаңы өкмөттүн сунуштаган программасы, түзүмү жана курамы жактырылган. Андан соң башкаруучу коалиция менен тиешелүү комитетте да колдоо тапкан.

Добуш берүү ачык, электрондук форматта болду. Исаков сунуштаган программага 102 депутаттын 97си макул, 5 каршы добуш берсе, түзүмгө 96 депутат макул, 6 депутат каршы, ал эми өкмөт курамына 97 депутат макул, 5 депутат каршы добуш беришти. Жалпысынан өкмөт курамында сегиз жетекчи алмашты.

40 жаштагы Сапар Исаков учурда президенттик аппаратты жетектеп турган. Ал "Жаңы доорго 40 кадам" аттуу программасы менен "Элдик экономика бакубаттыгы", "Калктын социалдык бакубаттыгы" жана "Коопсуздук" деген үч негизги багытта иш алып барарын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!