Атамбаев БУУнун сессиясынын ачылышына катышты

Атамбаев БУУнун сессиясынын ачылышына катышты
20-Сен. 2017, Шаршемби, 09:42

Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун 72-Генералдык ассамблеясынын ишине катышты.

Мамлекет башчысы БУУнун башкы кеңешме органы - Генералдык ассамблеянын жалпы дебатыныны ачылышына катышты.

Дебат “Көңүлдү адамга буруу менен: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулууда” деген темага арналган.

БУУнун Генералдык ассамблеясынын жалпы дебаттарынын алкагында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш, АКШнын президенти Дональд Трамп жана башка бир катар дүйнөлүк лидерлер чыгып сүйлөштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!