​Кыргызстанда президенттик шайлоо аяктады

​Кыргызстанда президенттик шайлоо аяктады
15-Окт. 2017, Жекшемби, 20:36

Кыргызстанда президенттик шайлоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:00дө өлкө президентин шайлоо аяктады.

Шайлоо тилкелери жабылып, добуштарды эсептөө иштери башталды. Шайлоонун жыйынтыгы кандай болду жакынкы сааттарда белгилүү болот

Мамлекеттин башкы кызматына 11 талапкер ат салышкан. Шайлоо өнөктүгү 2 миң 375 тилкеде жүрдү. Шайлоо жараянына дээрлик 700дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салды. Акыркы саат 17.00дөгү маалыматтарга караганда шайлоого шайлоочулардын 40,12 пайызы катышкан.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча шайлоочулардын жалпы саны 3 млн. 5 768 жаранды түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!