​Баян Акматов концертин тартуулайт

​Баян Акматов концертин тартуулайт
16-Фев. 2018, Жума, 17:01

Төкмө акын Баян Акматов жаз айынын алгачкы күнүндө акындар менен биргеликте концертин тартуулайт. Бул тууралуу акын Zaman.kg маалымат агенттигине билдирди.

“1-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтө турган “Уугум сага айтам...” аталыштагы концертке даярдык көрүп жатабыз. Бул концертте ырлар, айтыштар драмалык жана комедиялык негизде коштолмокчу. Кыргыздын айтуучулук өнөрүнө өзгөчөлүк киргизип, элге тартуулабасак, көнүмүш же адаттагы нерселерден эл чарчап бүткөндөй туюлууда”,-деди Баян Акматов.

Концертке айтышкер тобундагы тандалма акындар катышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!