​Арсен Венгер "Арсенал" менен коштошту

​Арсен Венгер
21-Апр. 2018, Ишемби, 01:30

Англиянын "Арсенал" футбол клубунун машыктыруучусу Арсен Венгер 22 жылдык кызматынан кийин футбол клубу менен коштошууда. Бул тууралуу башкы машыктыруучу клубдун атайын сайтында өзү билдирди. Легендарлуу машыктыруучу "Арсенал" футбол клубун 1996-жылдан бери жетектеп келет.

Чейрек кылым эмгектенген Арсен Венгер “Клубдун азыркы абалын таразалап, 2017/18 сезонду аяктап, кызматымдан кетүүнү чечтим. Менин сүйүктүү клубума, мага унутулгус жылдарды тартуулаганы үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бул клубду карагандарга, кызматчыларга, бардык оюнчуларга терең ыраазычылык жана урматтоомду айтмакчымын” деп кайрылган.

Башкы машыктыруучу Арсен Венгердин жетекчилиги алдында "Арсенал" футбол клубу үч жолу Англиянын чемпиону, 7 жолу Кубок жана Суперкубокту жеңип алышкан. Футбол клубу 832 оюну менен англиянын премьер-лигасынын эң көп мачт өткөргөн футболтайпасы болуп саналат. Экинчи орунда 810 оюну менен "Манчестер Юнайтед" татыктуу болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, 26-апрелде Европа Лигасынын жарым финалында англиялык клуб "Атлетико Мадрид" менен беттешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!