​"Барселона" - "Реал": 3:0 Интигранын аягы

​
25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:37

Испания жылдын футболдук календарын «Реал» - «Барселона» беттешүүсү менен аяктады. Мадрид шаарынын "Сантьяго Бернабеу" стадионунда Испания футбол чемпионатынын 17- беттешүүсү "Барселона" - "Реал" 3:0 менен жыйынтыкталды. «Барселона» күтүүсүз 3 гол менен алдыга чыкты. Адегенде 54 мүнөттө форвард Луис Суарес эсепти ачты. Андан 10 мүнөт өтпөй чабууулчу Лионель Месси пенальти аркылуу экинчи голду киргизди. Ал эми 92 мүнөттө Алеш Видаль"Реалга" үчүнчү голду ишке ашырды.

Жыйынтыгында «Барселона» жеңиши менен Испания чемпионаттык таблицасында 14 упай менен алдыга чыкты.

Ал эми букмекерлер бул мелдеште "Реал" жеңип чыгаарын белгилеп жатышкан. Бирок акыркы алдын ала маалыматтарга караганда тең чыгаары да байма-бай айтылып турган. Жылдын футболдук мелдеши «Барселона» жеңиши менен чекит коюлду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!