​Орусиянын спортчулары шок болууда!

​Орусиянын спортчулары шок болууда!
24-Янв. 2018, Шаршемби, 14:30

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага эки жумадай убакыт калганда Эл аралык олимпиада комитети(МОК) Орусиянын 111 спортчусун тизмеден чийип салды. Алардын арасында Орусиянын курама командасынын эң алдыңкы хоккейчилери, көркөм муз тебүү, лыжачылар жана коньки жарышчылары баштаган бир топ спортчулары четтетилип калган. Маалыматтарга караганда биатлон боюнча олимпиада чемпиону Антон Шипулин, атактуу лыжачы Сергей Устюгов, көркөм муз тебүүдө Ксения Столбова жана Иван Букин чакыруу тизмесинде жок болуп чыгышты. Мындан тышкары 5 хоккейчи да чийилген. Ал эми олимпиаданын бир канча жолку чемпиону, орусиялык спортчу Виктор Ан дагы өз өлкөсүндө өтө турган кышкы олимпиадагы катыша албай калууда.

Эл аралык олимпиада комитети (МОК) Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадагы бейтарап абалда катыша турган Орусиянын спортчуларына эч кандай улуттук белгилерди колдонбоого жана соцтармактарда улутун көрсөтүүгө тыюу салган. Кышкы Олимпиадагы катыша турган Орусиянын 208 спортчусунун кийим же сумкаларындагы «Russia» деген жазуулары «OAR» («Olympic Athlete from Russia») деп кыскартылып жазылат. Мындан тышкары формаларындагы өлкөнүн герби же символикалары толугу менен алынып, ордуна олимпиадалык шакекчелер менен алмаштырылат.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!