​Легендарлуу суучул суидцид кылгысы келген

​Легендарлуу суучул суидцид кылгысы келген
25-Янв. 2018, Бейшемби, 11:56

Легендарлуу америкалык суучул Майкл Фелпс өзүн - өзү өлтүргүсү келгендигин айтты. Адамзат тарыхында эң көп Олимпиаданын алтын медалдарына ээ болгон атактуу суучул катуу депрессияга кирип, өзүн - өзү өлтүргүсү келгендигин эми гана айтты. Бул тууралуу ISRA.com сайты кабарлады. Маалыматка ылайык атактуу суучул узун жылдар катуу депрессия ичинде болгон. Ал ар бир олимпиядалык ийгиликтерге жеткен сайын катуу депрессияга кабылып айрыкча 2012-жылы олимпиадада алтын медаль тагынгандыгына карабай ооругандыгын жашырып жүргөн.

32 жашындагы спортчу полиция кызматкерлери аны эки жолу тыюу салынган нерселер менен тагыраак айтканда жеңил баңгизат менен кармалагандан кийин ачыгын айтып жардамга кайрылган. Ал азыр психикалык кайгыланууга кабылган бардык адамдарды коркпостон адистерге көрүнүүгө чакырык таштап келет. Учурда спортчу бактылуу жана атактуу модель Николь Джонсон менен бакубат өмүр сүрүүдө. Жакында экинчи балалуу болушат.

Олимпиаданын баатыры жана дельфин-адам атына конгон легендарлуу суучул Майкл Фелпс 28 медаль утса анын 23ү алтын медаль болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!