​Балакай Кадыровдун баласын мушташка чакырды (видео)

​Балакай Кадыровдун баласын мушташка чакырды (видео)
20-Фев. 2018, Шейшемби, 13:27

Казакстандык 10 жаштагы мектеп окуучу Абай Тажибай Чеченстан лидери Рамзан Кадыровдун баласын мушташка чакырды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. сайты кабарлады. Жаш мушкер Абай Алматы шаарында көп жылдардан бери кикбоксинг менен алектенип келет.

Абай Тажибай кикбоксинг менен сегиз жашынан менен машыгып келет. Ал өзү курактуулар арасында эки жылдан бери чемпион болууда. Былтыркы жылы “Ахмат” клубунун лигасында Кадыровдун балдары ММАнын профессионалдык курун жеңип алышкан. Анда мушташка чыкпай калган Абай катуу машыгып, учурда Кадыровдун балдарын ринге чакырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!