"Ден соолук-2018" спартакиадасы болду

9-Янв. 2018, Шейшемби, 11:00

Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер кышкы эс алуу убактысын бекер коротушкан жок. Алар ден-соолуктарын чыңап алууга жетишишти. Шаардагы жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин арасында “Ден-соолук - 2018” аталышында спартакиада өтүп, анын жыйынтыгы чыгарылды. Ага шаардагы 19 мектептин мугалимдери катышып, жеңген командалар областтык турга катышууга жолдомо алышты. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев билдирди.

Анын айтымында, “Ден соолук-2018” аталышындагы спорттук иш-чара буга чейин да жыл сайын майрамдарда өткөрүлүп келген.

"Мугалимдер спорттук оюндарга катышып, алдыкы байгелерге ээ болуп келишкен. Бүгүнкү оюндар да жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, ага мектеп мугалимдери активдүү катышып берди. Биз муну менен гана чектелбестен мугалимдерибизди республикалык таймаштарга катыштырып, алдыңкы орундарды багындыруулары үчүн шарттарды түзүп берүүгө аракеттенип жатабыз" - дейт ал.

Ал эми спорттук мелдештин катышуучусу №14 мектеп-лицейинин дене-тарбия мугалими Шермамат Арзыкуловдун айтымында, балдарга тарбия берип окутуп гана тим болбостон, мугалимдер аларга ар тараптуу жеке үлгүсүн көрсөтүүсү керек.

"Кыргыздын улуттук оюндары болгон ордо, тогуз коргоол оюндарынын уюштурулушуна абдан кубандым. Улуттук спорттун ушул түрлөрү боюнча балдарды да көбүрөөк машыктыруу зарыл. Биз ушул багытта иш алып баруубуз керек. Мен жеке өзүм улуттук оюндар боюнча мектеп окуучуларын даярдап, алардын даярдыгын күчөткүм келет", - дейт ал.

Белгилей кетсек, шаардык олимпиаданын жыйынтыгында спорттун волейбол түрү боюнча №10 мектептин аялдар командасы 1-орунга, №14 мектеп-лицейинин командасы 2-орунга, ал эми №7 мектеп 3-орунга ээ болушту. Ал эми “Ден соолук-2018” аталышындагы мелдешти уюштурууга шаардык билим берүү бөлүмүнүн профсоюз уюуму тарабынан 35 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Документ жасагыч
Документ жасагыч "ортомчулар" көп кездешүүдө (видео)
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?