Жеңил атлетика боюнча чемпионат өтүүдө

Жеңил атлетика боюнча чемпионат өтүүдө
9-Фев. 2018, Жума, 10:05

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2018-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык, Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын спорт аянтчасында (манеж) жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтүүдө.

Өлкөнүн бардык аймактарынан 2001-2002-жылы туулган спортчулардын катышууда. Өлкө чемпионатынын алкагында жеңил атлетчилер төмөнкү түрлөр боюнча күч сынашат:

  • Бийиктикке секирүү;
  • Узундукка секирүү;
  • Ядро түртүү;
  • 60 м. аралыкка чуркоо;
  • 60 м. аралыкка тоскоолдуктары менен чуркоо;
  • 200 м. аралыкка чуркоо;
  • 400 м. аралыкка чуркоо;
  • 800 м. аралыкка чуркоо;
  • 1500 м. аралыкка чуркоо;
  • 300 м. аралыкка чуркоо.

Мелдешти өткөрүү үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 59 миң сом каралган. Спорттук иш-чара бүгүн, 9-февралда жыйынтыкталат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!