​Бишкектеги рейтингдик турнирдин биринчи күнүнүн жыйынтыгы

Бишкектеги рейтингдик турнирдин биринчи күнүнүн жыйынтыгы
01.06.2023

Бишкекте бүгүн, 1-июнда Бириккен күрөш дүйнөсүнүн спорттук күрөшү боюнча рейтингдик турнир башталды.

Биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 7 комплект медаль ойнотулду.

97 килограммга чейинки салмак ченинде килемге 3 спортчу чыгып, алар 1/8 финалдык баскычтан башташкан.

Артык Орозбеков кытайлык спортчуну жеңип, чейрек финалга чыкты.

Жарым финалдык беттештердин жыйынтыгында 6 кыргызстандык коло медаль үчүн ат салышары белгилүү болду. Ушул:

  • Балбай Дордоков жана Автандил Таалайбек уулу (60 кг чейин)
  • Дастан Кадыров жана Баяман Каримов (63 кг чейин)
  • Азат Салидинов (87 кг чейин)
  • Бексултан Махмудов (97 кг чейин).

Калган 8 кыргызстандык Таалайбек Бейшенбек уулу (55 кг чейин), Акыл Сулайманов (60 кг чейин), Тынар Шаршенбеков, Аманат Самат уулу, Амантур Исмаилов (67 кг чейин), Калидин Асыкеев жана Мелис Айтбеков (87 кг чейин), ошондой эле Үзүр Жузупбеков жана Артык Орозбеков (97 кг чейин) медалдар үчүн күрөштөн четтешти.