​Мекендешибиз бразилялык мушкерди жер кучактатты

​Мекендешибиз бразилялык мушкерди жер кучактатты
25-Ноя. 2017, Ишемби, 13:10

Кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу Бразилиялык мушкер Диего Давеллону жерге сулатты. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү басылмалары билдирди.

Маалыматка караганда, Россияда 24-ноябрда M-1 Challenge 86 турнири болуп өттү. Турнирге 11 өлкөдөн 12 спортчу катышкан.

Аталган турнирде кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу менен бразилиялык Диего Давелла 65,8 килограммдык салмак категорисында рингге чыгышкан. Бразилиялык мушкер кармашты демдүү баштаган. Убакыттын өтүшү менен Бусурманкул Абдибаит уулу демилгени өз колуна алып биринчи раунддун 5 минутасы башталганда Диего Давелланы бир нече катуу сокку узатып мөөнөтсүз жеңишке жетишкен.

Мушташуу аяктагандан кийин мекендешибиз Диегону эки ирээт жеңгенин белгилеп өттү. Ошондой эле “M-1 Challenge” чемпиондук куру үчүн качан болбосун кармашка даяр экенин жар салды.

Эскерте кетсек, бул эки спортчу буга чейин сентябрь айында башка турнирде беттешкен. Кармаш тең чыгуу менен аяктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!