Ар бир кызга керектүү заттар

Ар бир кызга керектүү заттар
07-02-2017

Өзүн сыйлаган ар бир кыздарда бул нерселер болушу керек.

1. Үч сумка

Көлөмдүү, орточо жана кечки иш-чараларга арналган кичинекей сумка ар бир кыздын гардеробунда болушу керек. Күн сайын көтөргөн сумкаңыз кымбат баалуу териден же материалдан болуусу шарт. Ал эми көлөмү орточо сумканы сейилдегенде, базардан соода-сатык иштерин жүргүзгөндө көтөрсө болот. Кечки сумка тойго, кафеге конокко барганда ишенимдүү шеригиңиз болот.

2. Шуру, браслет

Ар бир адамдын каалоосу ар түрдүү болсо да, баардык кыздарда жаркыраган калың браслет болушу керек. Анткени ал баардык кийим менен жарашып кете берет. Ошондой эле белге чейин жеткен шуру, чынжырчаны да түрлүү кийимдер менен жарашыктуу болот.

3. Кур

Жарашыктуу кур көйнөк менен да, шым менен да жарышып калат.

4. Моюн орогуч же жоолук

Шарфтын кашемирден жасалган жана бир өңчөй түрүн тандасаңыз өкүнбөйсүз. Анткени ал жакшынакай, жылуу жана сырты көзгө кымбат көрүнөт. Анын жардамы менен түрдүү образдарды жаратууга мүмкүн.

5. Күндөн коргоочу көз айнек

Фотоаппараттын жаркылдаган жарыгынан коргоп өзүңүздү кино жылдыздарындай сезүү үчүн деле, күндөн коргоочу көз айнек болуусу абзел. Боёнбой калган убактарда жакынкы дүкөнгө чуркап бара калуу үчүн көз айнек жардамга келет.

6. Блейзер

Бул турдүү кечки кечелерге арналган пиджак, түрдүү маданият иш-чараларына да кийип алса жарашыктуу көрсөтөт. Төшкө тагылган көлөмдүү брошь менен саркеч болуп чыга келет. Эгерде аны жынсы шым менен кийип алса парктарда сейилдеп журүүгө ылайыктуу болуп чыга келет.

7. Балетка

Ар бир кыз ички жан дүйнөсүндө балерина болууну самайт эмеспи. Ошону менен бирге тирөөчтүн жанында көп убакыт өткөрө албасак да, балетканы кийип жүрүүгө баарыбыз көнүп кетебиз. Баарын баштоо гана керек!

8. Кол саат

Колубузда телефон болуп, андан убакытты карай берүү адатка айланса да, кол саат кошумча стилдүү аксессуар катары кете берет. Көп учурда классикалык моделдеги сааттарга басым жасалса жакшы. Ошону менен бирге көлөмдүү циферблат жана боосу темирден болсо мыкты тандоо болуп саналат.

9. Пальто

Пальто тандаганда ачык күрөң (бежевый же болбосо пальтодогу бул өңдү “кэмел” деп атап келишет) өңгө басым жасалса баардык өңдөгү кийимдер менен жакшы жарашат. Адатка айлангандай үстүнкү кийимди бир нече сезон катар кийип жүрөбүз. Ошондуктан кымбат баалуу табигый кездемеге акча аябаңыз.

10. Классикалык шым

Тулку бойго келишимдүү отурган шымды тандоо менен ага ылайык келчү көйнөк, жемпир же кофта жарашыктуу болуп кете берет. Сатып алып жатканда анын узундугуна көңүл бөлүү зарыл. Эгер аны бийик такалуу бут кийим менен кийген жатсаңыз шым таканы жаап тургандай, бирок ошол эле учурда алдыңкы тарабы бырышпагандай болуусу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!