Канчалык сулуу болсоңуз да...

Канчалык сулуу болсоңуз да...
14-Сен. 2017, Бейшемби, 12:27

Канчалыкты сулуу болуп көрүнүп турсаңыз да, бүкүрөйүп туруу менен болгон сулуулугуңузду өзүңүз байкабай бузуп аласыз. Сымбаттуулугуңузду бузгандан сырткары ашыкча салмак, омуртканын кыйшаюуусу, остеохондроз, сколиоз сыяктуу ооруларга алып келээри да белгилүү. Буга жол бербөө үчүн дал ушул сааттан баштап, денеңизди тик кармаңыз! Кантип? Анын эч кыйынчылыгы жок. Эң башкысы, ал үчүн күнүнө бир нече мүнөт гана бөлсөңүз жеткиликтүү:

  • 1.Алгач далыңызды кеңинен жазып жатыңыз. Колуңузду желкеңизге коюп, ордуңуздан туруп көрүңүз. 10 секунд туруп, көнүгүүнү бир нече ирээт кайталаңыз.
  • 2.Столго отуруп, анын аркасына артыңызды тийгизиңиз. Эки колуңузду желкеңизге коюп, бириктирип, бар күчүңүздү ийиниңиздин түзөтүүгө тырышыңыз.
  • 3.Жерге ичиңиз менен жатыңыз да далыңызды алакан менен уруңуз. Бутуңуз менен төшүңүздү көтөрүп, 10-15 секунд ушул калыпта жатыңыз.
  • 4.Тик туруңуз да башыңызга китеп коюңуз. Китепти кулатып албай 10 секунд туруп, бөлмөдө китеп менен ары-бери басыңыз.

Ушундай жеңил машыгуулар аркылуу аркадагы булчуң эттерди күчтөндурүп, дене бойду тик кармап, сулуу жана сымбаттуу боло аласыз. Ошону менен катар, далыны түз кармап, ийинди тик көтөрүп жүргөн адамдар ишенимдүү көрүнүшөт.

Унутпаңыз, түз отуруп, түз басуу сиздин адатыңызга айлануу керек. Албетте, башында ичиңизди тарып, ийиниңизди көтөрүп жүрүү оңой болбойт. Бирок, кийин сиз кантип туура жүрөмүн деп кыйналбайсыз, тескерисинче түз басып калганыңызды да байкабай каласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!