Ди Каприо АКШ президентинин ролун аткарат

28-Сен. 2017, Бейшемби, 14:33

Белгилүү актёр Леонардо Ди Каприо АКШнын 26чы президенти Теодор Рузвельтке арналган кинодрамада башкы ролду ойнойт.

Жаңы фильмдин режиссеру – Мартин Скорсезе, ал эми продюсери Ди Каприонун өзү менен голливуд актеру Чак Пачеко.

Сценарийди Скотт Блум жазды. Тартылуу иштери башталаар күнү жана көрөрмандарга качан сунушталаары белгилене элек.

Эскерте кетсек, Ди Каприо буга чейин Скорсезенин бир нече фильмине тартылган. Мисалы, «Нью-Йорк карышкырлары», «Авиатор», «Каргыш тийгендер аралы», «Жолдон тайгандар», «Уолл-стрит карышкыры».

Азыркы убакта Ди Каприо менен Скорсезе «Ак шаардагы ибилис» китебин экранизациялоо боюнча биргелешкен долбоорду жузөгө ашырышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!