Агунг вулканы аэропортторду жапты

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:22

Көптөгөн авиакомпаниялар Балиге сапарларын токтоткондуктан эки миңге жакын турист аралда калган.

Бали аралында Агунг вулканы бүрккөн күлдөн улам аэропорту 18 саатка жабылды. Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жою боюнча индонезиялык агенттик кооптулук максималдуу деңгээлге жеткенин билдирди.

Эске сала кетсек, жанар биринчи ирет 21-ноябрда атылган. Андан беш күн өткөндө чыккан вулкан лава чыгарбаганы менен күлү 4 миң метр бийиктикке көтөрүлдү.

Дүйнөдөгү ири Индонезия архипелагы 18 миң аралдан турат. Ошондой эле Тынч океандын Оттуу алкагы делген аймагында жайгашкан. Анда 500 вулкан болсо алардын 127си дайыма аракетте.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!