Президент Жээнбеков Москвага учуп кетти

Президент Жээнбеков Москвага учуп кетти
29-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:26

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Москва шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, иш сапар Россия тараптын чакыруусу менен болууда.

Өлкө башчы Жээнбеков россиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүну жана эл аралык маселелерди талкуулашат.

Андан ары орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведов менен жолугушмакчы.

Эртең, 30-ноябрда Белоруссиянын баш калаасы Минск шаарында өтүүчү Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) мааракелик сессиясына катышат.

Уюмдун 15 жылдык ишмердүүлүгүнө арналган жыйында ага мүчө болгон мамлекеттердин башчылары коопсуздукту күчөтүүгө багытталган 24 маселени карашат.

Президенттик коштоп баруучу расмий делегациянын курамы:

Тышкы иштер министри — Эрлан Абдылдаев

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы — Айзада Субакожоева

Кыргызстандын Россиядагы элчиси — Болот Отунбаев

Вице-премьер — Толкунбек Абдыгулов

Коопсуздук кеңешинин катчысы — Алмазбек Курманалиев

Президенттин аппаратынын жетекчи орун басары — Мухамметкалый Абулгазиев.

Россия сапары Жээнбековдун президент катары биринчи иш сапары болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!