Онлайн-шопингде америкалыктар алдыда

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 13:31

23-24-ноябрда Рождество майрамына карата америкалыктар Интернет аркылуу соодада рекорд койду. Алар 2016-жылдагыдан 17,9 пайызга көп каражат коротконун “Reuters” агенттиги жазды.

“Adobe Digital Insights” компаниясынын билдиргенине караганда “Черная пятница” жана “Ыраазычылык күнүндө” АКШда онлайн сатык 7,9 миллиард долларга жеткен. Кийинки “киберпонедельникте” америкалыктар 6,6 миллиард доллар коротору болжолдонууда.

“Criteo” маркетинг компаниясы “Черная пятница” соода күнүндө сатыктын 40 пайызын мобилдик телефондор түзгөнүн, өткөн жылы мобилдик түзүмдөрдү алгандар 29 пайызга жеткенин билдирди.

“Reuters” агенттигини билдиргенине караганда бул жылы кадимки дүкөндөр бааларда ири өлчөмдөгү жеңилдиктерге түрдүү белектерди кошкон. Ага карабастан алуучулардын көз карашында өзгөрүү байкалган. Көптөгөн кардарлар дүкөндөрдөн товарды көрүп кеткени менен, аны Интернет аркылуу сатып алышканын белгилешкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!