Тышкы сооданын көлөмү 1,3 млрд. доллар

31-Май 2017, Шаршемби

2017-жылы сырткы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,3 млрд. долларды түздү. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы сырткы соода алакаларынын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 19,2 пайызга жогорулаган.

Экспорттун көлөмү өткөн жылга караганда 28,5 пайызга жогорулап, 433 млн. долларды түзгөн. Экспорттун өсүүсү үч тармакта байкалган. Алсак өндүрүш тармагында 40 пайыз, алтын 50 пайызга жана сүт азыктары 2 эсе өскөн.
Экспорт негизинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Евразия экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнө чыгарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!