Бишкекте жаңы көрүстөн ачылды

8-Сен. 2017, Жума, 15:32

Бүгүн, 8-сентябрь күнү Аламүдүн районунун Гроздь айылында жаңы шаардык көрүстөн ачылды.

Белгилей кетсек, көрүстөндүн түштүк-батыш бөлүгүндө жер калбай калгандыгына байланыштуу муниципалитет Чүй облусундагы, тактап айтканда Гроздь айылында сөөк коюлчу жерде көрктөндүрүү иштерин жүргүздү.

Эскерте кетсек, жер шаардын четинен берилгендигине карабай, көрүстөн шаардык болуп саналат.

Жаңы аймакта бир дагы жерге берилген сөөк жок, бирок план боюнча 4 миң орун бар. Көрүстөн 10-25 жылга эсептелген. Ага 50 миллион сом жумшалган. Мэриянын айтуусу боюнча, жаңы көрүстөндүн аймагы 44 гектар, бирок дагы 10 гектар кошумчалоо пландалууда. Ошондой эле, 18 метр жол оңдолуп, ага ички жолдор да каралган.

Эми шаардык көрүстөн жаңы нормаларга ылайык иш алып барат: жерге берүү иштери туугандарынын жанына гана берилет. Эске сала кетсек, 1973-жылдан бери эски шаардык көрүстөнүндө жерге берүү иштери жүргүзүлүп келген. Алгач анын аймагы 69 гектарды түзсө, азыр 300 гектардан ашкан.

Бишкек шаардык салттык кызмат көрсөтүү бөлүмү маалымдагандай, норма боюнча эски көрүстөндү рекультивациялоодон өткөрүү үчүн, акыркы жерге берилгенден кийин 30 жыл өткөндөн соң гана ал жер сейил бакка айландырылат.

Фото: Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!