​Германия Кыргызстанга 40,1 млн. евро бөлөт

7-Июль 2017, Жума

2017-2018-жылдардын аралыгында Германия өкмөтү Кыргызстанга эки тараптуу техникалык жана каржылык кызматашуунун алкагында 40,1 млн. евро бөлөт. Бул тууралуу 3-4-июнда министрлер кабинетинин Берлин шаарында жолугушуусунда белгилүү болду.

Аталган каржаттын, 19 млн. евросу каржылык кызматташтык долбоорлоруна жумшалат. Ал эми 21,1 млн. евро техникалык кызматашууга багытталат. Тактап айтканда экономикалык өнүгүү жана саламаттыкты сактоо багыттарына.

Мындан сырткары тараптар “Жашыл” экономика багытында кызматташууну күчөтүү тууралуу сүйлөшүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!