Жээнбеков “Өлбөс полк” жүрүшүнө катышты (фото)

10-Май 2018, Бейшемби, 09:29

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Улуу жеңиш майрамынын 73 жылдыгына карата уюштурулган “Өлбөс полк” акциясына катышып, согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты.

Анын уулдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков согуштан жарадар болуп кайтып келишкен. Алар көрсөткөн каармандыгы үчүн “Кызыл Жылдыз” орденине жана медалдарга татыктуу болушкан. Согуштан кийин көп жылдар бою партиялык, советтик жана чарбалык кызматтарда жетекчи болуп эмгектенишкен.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков, Жеңиш аянтында өткөн эскерүү митингине катышып, Өчпөс отко гүлчамбар коюп, согушта курман болгондорду эскерди.


Эскерте кетсек, быйыл "Өлбөс полк" жүрүшүнө 45 миң адам катышып, рекорд койду.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!