​12-май: айрым дубандарда жаан жаайт

​12-май: айрым дубандарда жаан жаайт
11-Май 2018, Жума, 15:59

12-майда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, 12-майда күндүзү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!