Бишкекте ысык суу берүү өчүрүлөт

10-Май 2018, Бейшемби, 10:05

Бишкек шаарында 21-майдан тартып, 21-июнга чейин ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка калаа башчы Албек Ибраимов койгон.

Ысык суу берүүнун убактылуу токтотулушу жылуулук системасын оңдоп-түзөө иштери үчүн жыл сайын жүргүзүлүп туруучу профилактикалык жумуштар менен байланыштуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!