Өз ыктыяры менен баңгизатын берди

10-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 34 жаштагы тургуну өз ыктыяры менен гашиш баңгизатын өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында аталган райондун Ичке-Суу айылынын 34 жаштагы М.А аттуу тургуну өз ыктыяры менен салмагы 1кг 015 гр гашиш баңгизатын өткөрүп берди.

Ал «табылган затты Бакыт аттуу киши таштап кетти», - деп билдирди.

Табылган зат химиялык экспертизага берилип, учурда Бакыт аттуу кишини аныктоо боюнча ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!