“Ырымдасыз” аттуу поэзия кечеси болот

11-Май 2017, Бейшемби

Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында 19-май күнү саат 17:00дө “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду тарабынан уюшулуп жаткан “Ырымдасыз” аттуу кезектеги поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Кечеге акын кыздар Айсулуу Эсен кызы, Нуркыз Рыскул кызы жана Рыскүл Изатова катышып, ырларын жалпы журтка тартууламакчы. Буга чейин аталган фонд Сагын Акматбекова баштаган бир топ акындардын поэзия кечесин өткөрүп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!