Калык Акиев көчөсү жабылат

2-Май 2017, Шейшемби

Бишкектеги Калык Акиев көчөсүндө инженердик байланыш иштери боюнча оңдоп-түзөө жүрүп жатканына байланыштуу унаа каттамы жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Капиталдык курулуш башкармалыгы билдиргендей, 3-майдан тарта Калык Акиев көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жабык болот.

Инженердик байланыш иштерин оңдоп-түзөө ушул жылдын июнь айынын ортосуна чейин уланмакчы. Мындан улам мэрия шаар тургундарына, жана айдоочуларга ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн маршурттук каттамдын айдоочулары өзүнө ыңгайлуу багытты тандап алуусун өтүнөт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!