​Согуштун ардагерлерине жөлөк пул берилет

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 640 ардагери жашайт. Алардын ар бирине 9-май Жеңиш майрамына карата бир жолу берилүүчү 15 миң сомдук жөлөк пул республикалык бюджеттен берилип келет. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча 640 согуштун ардагери болсо, алардан 173сы согуштун майыптары, согуштун катышуучулары 415, өспүрүм курагында концлагерде туткунда калгандар 25, Ленинград блокадачылары 27ди түзөт.

«Ардагерлер социалдык жактан коргоого алынып, республикалык бюджеттен ай сайын жана жыл сайын Ата Мекендин согуштун ардагерлерине 7000 сом, тылда эмгектенгендерге 2000 сом, каза болгон согуш ардагерлердин жакындарына 1000 сом өлчөмүндө пенсия берилип келет. 2010-жылдан тарта согушка катышкандар, майыптар, блокадачылар, туткунда калгандар ай сайын 10 000 сомдон өмүрүнүн аягына чейин берилчүү КРнын президенттин стипендиясын алып келишет»,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!