Жеңилдетилген насыя мыйзамы артка кайтарылды

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамды жакшыртууну сунуш кылды. Мамлекет башчысы макулдашылган вариантты иштеп чыгуу сунушу менен мыйзамды парламентке кайтарды.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Кабыл алынган мыйзамда “өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, канаттуулар чарбачылыгы, балчылык, балыкчылыкм продукциялары жана аны кайра иштетүү жаатындагы айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген кредиттөө жылдык үстөгү 7 пайыздан ашпаган жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат деп” каралган. Жеңилдетилген кредиттөө механизмдерин өкмөт иштеп чыгат.

Президент Атамбаев мыйзам долбоорунун демилгечилерин колдой турганы айтылып, 2011-жылдан берки айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө боюнча мамлекеттик саясатты улантууну көздөгөн мыйзамдын позитивдүү багытын белгилейт. Бирок бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн жана ушул кезде ишке ашырылып жаткан айыл чарбасын колдоо программаларын эске алуу менен депутаттар кабыл алган мыйзамдын туюндурмасы толуктап иштеп чыгууну талап кылат.

Мамлекет башчысынын каршы пикиринде мындай деп айтылат:

Бул мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү 2019-жылы аяктоого тийиш болгон жана ишке ашыруу үчүн каржылоо булактары аныкталган өкмөттүк жеңилдетилген кредиттөө программаны эске албайт.

Белгилей кетсек, кыргыз өкмөтү 2011-жылдан баштап айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген кредиттөөнүн көлөмүн арттыруу боюнча иш жүргүзүп келет. 2011-жылы берилген жеңилдетилген насыялардын суммасы 565,09 млн. сом болсо, 2016-жылы – 4832,50 млн. сом болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!