Кудукту тазалаган адам каза болду

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Ош облусунда куткаруучулар кудуктан 41 жаштагы кишинин сөөгүн чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын Мукумий көчөсүнө ӨКМнын куткаруучулары 27 метр терендиктеги кудуктан 1976-жылы туулган Кызыл-Кыштак айылынын тургуну И. М. сөөгүн кудуктан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал адам кудукту тазалайм деп түшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!