Ок атуучу куралды милицияга тапшырды

14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Чүй облусунун тургуну талаадан таап алган ок атуучу куралды милиция кызматкерлерине тапшырды. Бул тууралуу Ички иштер минисрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 11-август күнү Кемин районунун 41 жаштагы тургуну өз ыктыяры менен үч жыл мурда тааладан таап алган ИЖ-16 калибрлүү ок атуучу куралын милиция кызматкерлерине тапшырган. Алынган курал боюнча иликтөө иши жүрүүдө.

ИИМ эскертет: эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот. Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!