Бишкекке жакын аймакта жер титирөө катталды

15-Авг. 2017, Шейшемби

Бишкек шаарына жакын аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:33 чамасында жер титирөө катталган. Анын күчү 3 баллга жетип, очогу Арпа-Тектир айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышта, Кегети айылынан 14 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Калктуу пункттарындагы жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү: Арпа- Тектир айылында– 3 баллга жакын, Кегети айылында - 2,5 баллга чейин жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!