Тез тамактануучу жайлар текшерилди

23-Авг. 2017, Шаршемби

Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Талас облусу боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору Талас шаарында жайгашкан тез тамактануучу жайларды жана ашканаларды өрт коопсуздугу боюнча текшерүүгө алышты. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айрым учурларда аталган жайлар техникалык сыноодон өтпөгөн газ баллондорун колдонуп келишет. Анын кесепетинен ар кандай кырсыктар дагы катталып жаткандыгы жашыруун эмес. Бүгүнкү текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздук эрежелерин сактабаган бир нече тамактануучу жайлар аныкталды. Мындай көрүнүш кафе кызматкерлеринин гана эмес, кардарлардын дагы өмүрүнө коркунуч алып келип, кооптуу абалды жаратуу мүмкүндүгүн инспекторлор баса белгилешет.

“Жеринде инспекторлор тарабынан газ баллондорду алдыруу боюнча акты, протоколдор толтурулуп, ашкананын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары техникалык талаптарга жана өрт коопсуздугуна жооп бербеген жайларга кыска мөөнөт ичинде кемчиликтерди жоюу талабы коюлду. Эскерте кетсек, талапка ылайык, суюлтулган газ толтурулган баллондор ар бир 5 жыл сайын техникалык сыноодон өткөрүлүп туруусу зарыл.Мамэкотехинспекциянын инспекторлору бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар бир ишкерге коопсуздук эрежелерин так сактоо керектигин эскертет”,-деп айтылат маалыматта.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!