Сочи сапары: Атамбаевдин ордуна Исаков барат

Сочи сапары: Атамбаевдин ордуна Исаков барат
9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:22

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Сочи шаарына пландалган жумушчу сапары менен барбай турган болду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Атамбаевдин ордуна өкмөт башчы Сапар Исаков барат.

Белгилей кетсек, 11-октябрь күнү Сочи шаарында КМШ жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө өлкөлөрүнүн башчыларынын Кеңешмеси өтөт.

Мамлекет башчынын кезектеги иш-сапарга барбай турганынын себебин президенттик аппарат президенттик шайлоого карата өлкөдөгү тартип жана коопсуздукту жеке көзөмөлүнө алганы менен түшүндүрдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!