Биометрикалык маалымат чогултуу убактылуу токтотулат

27-Сен. 2017, Шаршемби, 09:43

Ушул айдын соңунда жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу убактылуу токтотулат.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жеке маалыматын тапшыра элек жарандар 29-сентябрга чейин тапшырса болот.

Биометрикалык жабдуулар бардык паспорт бөлүмдөрү, ЖААЖ, калкты тейлөө борборлору жана борбор калаадагы төрт административдик райондо иштеп жатат.

Өткөн аптада МКК өлкө боюнча 800 миң жаран биометрикалык маалымат тапшырбаган үчүн алдыдагы шайлоого катыша албастыгын билдирген болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!