Көп каражатка курулган мектептеги каржы териштирилет

27-Сен. 2017, Шаршемби, 10:03

Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Терек айылындагы орто мектептин курулушуна бөлүнгөн финансылык каражаттын кандай пайдаланылгандыгы териштирилет.

Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков аталган райондогу социалдык объекттердин курулушу менен таанышкан учурда билдирди.

Мектептин курулушу 2016-жылы башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик аяктап, спорттук зал куруу жана жылуулук мештерин орнотуу иштери калды. Учурда курулуш иштерине каралган 66 млн. сомдун 45 млн. сомду берилген.

Премьер-министр башынан эле курулуштун сметалык наркы жогору болгонун, коңшу айылдардагы ушул сыяктуу мектептер мындан арзан акчага бүткөрүлүп жатканына көңүл бурду.

Сапар Исаков Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине аталган мектептин курулуш иштеринин сметалык наркын бекитүүдөгү документтерди жана аны максаттуу пайдалануу боюнча иштерди териштирүүгө бир жума убакыт берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!