​Карылар күнүнө карата «алтын түгөйлөр» сыйланды

27-Сен. 2017, Шаршемби, 16:53

Свердлов районунун администрациясы «алтын түгөйлөрдү» сыйлады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-октябрь карылар күнүнө карата аталган райондо 50, 55, 60 жана андан көп жыл чогуу жашаган түгөйлөр сыйланышты.

Район башчысы Самарбек Болотбеков бактылуу карылык доорун сүрүп жаткан карыяларды куттуктап белектерди тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!