2-октябрдан тарта пенсия көбөйтүлөт

28-Сен. 2017, Бейшемби, 09:56

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда өлкөбашчысы пенсиялык камсыздоонун азыркы абалы, пенсияларды каржылоо, камсыздоо төгүмдөрүнүн келип түшүүсү, ошондой эле аларды администрациялоо маселелери тууралуу маалымат алды.

Социалдык фонддун төрагасы Абжапаровдун айтымында. Жакында пенсиянын көлөмү дагы жогорулайт.

Ага ылайык пенсиялардын орточо көлөмү 520 сомго көбөйүп, 5517 сомду түзөт. 627 миң пенсионердин пенсияларын кайра эсептеп чыгуу аяктады, 2-октябрдан тартып жогорулатылган пенсияларды каржылоо башталат.

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасына пенсиянын базалык бөлүгүн аныктоо нормасын жана индексациялоону кайрадан карап чыгып, тиешелүү сунуш киргизүү боюнча тапшырма берди.

Мамлекет башчысы кабыл алынган чаралар пенсиялык системаны кыйла адилеттүү болууга алып келээрин белгилеп, пенсионерлер алдында социалдык милдеттенмелерди өз учурунда жана толук көлөмдө аткарууну камсыз кылууга милдеттендирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!