Кытай инвесторлору ири өндүрүш аймагын курат

28-Сен. 2017, Бейшемби, 14:38

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Баоцзи шаарынын мэри Бао Цзиньцай баштаган бир катар жетекчилерди кабыл алды.

Өкүлчүлуктун маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, жаңы экономикалык байланыштарды түзүү тууралуу сүйлөшүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап Ош облусуна өндүрүш аймагын куруу боюнча макулдашууларга кол койду. Ал үчүн облустун Кара-Суу районунан 400 гектар жер аянты каралган. Бул жерге келечекте өндүрүш зонасы курулса миңдеген жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Өндүрүш аймагы 10-15 жылдан кийин жергиликтүү бийликтин карамагына өтөт. Бардык тиешелүү жагдайлар мыйзам алкагында аныкталган соң өндүрүш аймагынын курулушу 2018-жылы башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!