Адам өлтүрүүгө шектелген 4 адам качып кетти

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:38

Сокулук райондук ичким иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр бүгүн, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында качып кеткен.

Качып кеткен 4 киши “карактоо” жана “адам өлтүрүү” беренелери боюнча айыпталып кармалышкан. Учурда аларды издөө иштерин ИИМдин жана Чүй ОИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлери жүргүзүүдө.

Ал эми Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланды

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!