Алайдагы жол кырсыктан үч бир тууган көз жумду

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:51

Алайдагы жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ош-Иркештам унаа жолунун 54-чакырымында, Алай районунун Талдык айылында катталган. Анда “Лексус ЛХ-470” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, натыйжада унаа ала салып кеткен. Кырсыктын кесептеинен каза болгондор Ош шаарынын тургундары жана бир туугандар болушкан.

Каза болгондор:

Ош шаарында 1966-жылы туулган Тяншанбек Марифов Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенчү;

Ушул эле шаарда 1968-жылы туулган Арабидин Марифов;

Жогоруда аталган 1969-жылы туулган Шарабидин Марифов Мамлекеттик бажы кызматынын "Түндүк" ыкчам бажысынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Учурда бардык керектүү экспертизалар жасалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!