Инфографика: өзгөчө кырдаалдардан канча чыгым тарттык?

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:18

Кыргызстандын аймагында акыркы алты жылдын ичинде катталган өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 500дөй адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алардын билдирүүсүн боюнча, өзгөчө кырдаалдардын ичинен жер титирөө 19 жолу, жер алдынан чыккан суулар 29 жолу, катуу бороон 4 жолу, муз каптоо 18 жолу, мөндүр 20 жолу, суу ташкыны 75 жолу, жаратылыштагы чоң өрттөр 2 жолу, үшүк жүрүү 5 жолу катталган.



Адам өмүрлөрүн алып кеткен өзгөчө кырдаалдар:

Кар көчкү 340 жолу катталып, 41 адам каза болгон;

Катуу шамал 128 жолу катталып, анын кесепетинен 4 адам каза болгон;

Техногендик мүнөздөгү чоң өрт кырсыктары 103 жолу катталып, анын кесепетинен 31 адам каза болгон;

Жер көчкү 124 жолу катталып, анын кеспетинен 42 адам каза болгон;

Калың кар 43 жолу катталып, 1 адам каза болгон;

Сел кырсыктары 548 жолу катталып, 17 адам каза болгон;

Таш кулоо 25 жолу катталып, 1 адам каза болгон;

Имараттардын жана курулуштардын кокусунан кыйроосу 10 жолу катталып, анын кесепетинен 21 адам каза болгон;

Чоң жол кырсыктары 49 жолу катталып, анын кесепетинен 261 адам каза болгон;

Массалык түрдө жугуштуу оору менен ооруу 14 жолу катталып, 3 адам каза болгон;

Авиакатастрофа 3 жолу катталып, анын кесепетинен 45 адам каза болгон;

Чагылган 7 жолу катталып, 4 адам каза болгон; жарылуу 1 жолу катталып, 2 адам каза болгон;

Аскердик окуялар жана социалдык чыр-чатактар 5 жолу катталып, 2 адам каза болгон;

Газга уулануу 1 жолу катталып, 2 адам каза болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!